Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Кабулда Ирак элчилигине кол салуу болду


Кабул.
Кабул.

Кабулда Ирактын элчилигинин жанында жанкечти бомба жардыргандан кийин куралчан топ менен ооган коопсуздук аскерлери ортосунда ок атышуу тутанды. Маалыматтарга караганда, куралчан адамдар элчилик имаратына кирүүгө аракеттенип, көп узабай дүрмөттөлгөн машина жарылган. Жакын жерде жашагандар эвакуацияланды. Курман болгондор тууралуу маалымат айтыла элек. Чабуулду ким уюштурганы да азырынча белгисиз. Кабулда акыркы айларда “Ислам мамлекети” радикал тобу жана талиптер ишке ашырган кол салуулар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG