Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Жол коопсуздугун күчөтүү тапшырмасы коюлду


Ош-Бишкек жолуна орнотулган патрулдук милициянын макети.
Ош-Бишкек жолуна орнотулган патрулдук милициянын макети.

Президент Алмазбек Атамбаев 31-июлда “Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу чаралары жөнүндөгү” Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду.

Президенттик аппарат тараткан билдирүүдө өлкөдө жол кырсыктарынын саны жана анын оор кесепеттери өсүп жатканы айтылат.

Буга элде автоунаа көбөйгөнү, жолдордун ыңгайсыздыгы, калктын машине айдоо маданиятынын төмөндүгү, жол кыймылын жөнгө салуу жана эреже бузууларды көзөмөлдөө каражаттарынын эскириши, айдоочулук күбөлүктүн сатылышы түрткү болуп жатканы көрсөтүлгөн.

Кырсыктарды азайтуу үчүн жол коопсуздугу тармагын автоматташтыруу, трассаларды жакшыртуу, аларды медициналык жактан камсыз кылуу, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылып, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар коюлган.

Коопсуздук кеңештин 17-июлдагы жыйынында жол коопсуздугу башкы маселелердин бири катары каралган. Ага чейин активисттер Кыргызстанда жол кырсыгын азайтууну Коопсуздук кеңешинде карап, тиешелүү чараларды кабыл алуу талабын коюшкан. Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашык кишинин өмүрү кыйылды. 3800дөн көбү түрдүү жараат алышты. Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө авариялар күн сайын орто эсеп менен үч-төрт кишинин өмүрүн алууда.

XS
SM
MD
LG