Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:34

Чүйдүн Ысык-Ата районунда өрт кырсыгынан жергиликтүү тургундун кышка жыйнаган чөбү жана малы күйдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өткөн түнү Красная Речка айылынын Ворошилов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосундагы бастырмада өрт чыккан. "Жыгач устундуу, темир жабылган, аянты 300 чарчы метр бастырма, 3 000 түк чөп, бир баш уй, бир баш музоо, алты баш кой күйгөн" деп маалымдады ӨКМ.

Кырсыкка электр зымдарын туташтырууда коопсуздук эрежелери сакталбай калышы себеп болгону айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG