Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:48

Иран АКШны өзөктүк келишимди бузду деп айыптады


Ирандын спутник алып жүрүүгө жөндөмдүү ракетасы

Расмий Тегеран Бириккен Улуттар Уюмунун комиссиясына жөнөткөн кайрылуусунда АКШны эки жыл мурдагы өзөктүк келишимдерди бузду деп айыптады. Иран парламентинин спикери Али Ларижани Кошмо Штаттардын Тегеранга киргизген жаңы санкциялары келишимге каршы келерин айтып, бул маселени БУУнун макулдашууга көзөмөл жүргүзгөн комиссиясы карап чыгышы керектигин билдирди.

Өткөн айда расмий Вашингтон Тегерандын баллистикалык ракета программасын жүйө келтирип, алты ирандык фирмага жаңы санкцияларды киргизген.

АКШ Ирандын соңку кайрылуусуна расмий жооп кайтара элек. Бирок мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон 1-августагы маалымат жыйынында Иран менен дүйнөнүн алты өлкөсү кол койгон өзөктүк келишимди колдорун айткан.

Келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, ага жооп катары Тегеранга киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар жоюлушу керек эле.

XS
SM
MD
LG