“Азаттык” радиосунунун түркмөн кызматы маалымдагандай, Түркмөнстанда дары-дармектин баасы кымбаттап жатат. Ашхабадда дары-дармек акыркы бир нече ай ичинде орто эсеп менен 40% көтөрүлгөн.
Ашхабадда жеке дарыканаларга караганда мамлекеттик дарыканаларда баа жогору. Медициналык камсыздоонун негизинде дарыгер жазып берген айрым дарыларды табуу мүмкүн болбой жатканы айтылууда.
Түркмөнстанда баалар тез-тез өзгөрүп тургандыктан жеке дарыканаларда дарылардын канча турганы көрсөтүлбөйт.