Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев АКШ жаңы санкцияларды киргизгенден кийин Кремл учурдагы америкалык администрация менен мамилени жакшыртуу боюнча үмүтүн үзгөнүн билдирди:
- Орусияга толугу менен соода согушу жарыяланды, - деген Медведев санкциялык режим он жылдап сакталарын кошумчалады. Ошондой эле АКШ президенти санкцияны Конгресстин макулдугусуз жокко чыгара албай турганын, мындан улам Москва менен Вашингтондун мамилеси чыңала турганын белгиледи.
Ошол эле маалда ал орус бийлиги экономика жана социалдык тармакты өнүктүрүү боюнча иштерин улантарын айтты.
Орусияга кошуп, Түндүк Корея жана Иранга санкция жарыялай турган бул мыйзам долбоору Конгресстеги демократтар менен республикачылардын жапырт колдоосуна ээ болуп, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Демилгечилер соңку чарага Орусиянын АКШнын былтыркы шайлоосундагы ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтиришкен.
Жаңы мыйзамда америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салынат. Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет. Мыйзамга ылайык, санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу маселесин АКШ президенти эмес, Конгресс чечип калат.
Президент Владимир Путин АКШ конгрессмендеринин жаңы чарасына жооп кылып, Орусиядагы миңден ашык америкалык дипломаттардын 755и кыскарат деп билдирген.