Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке алгачкы талапкерди каттады.
Талапкердик күбөлүк мурдагы премьер-министр Темир Сариевге тапшырылганын "Азаттык" радиосуна анын шайлоо штабынан кабарлашты.
Буга чейин Сариев талапкер катары катталуу үчүн талап кылынган 30 миң адамдын колун топтоп, кыргыз тилинен сынак тапшырып, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөгөн. Аны президенттикке “Ак шумкар” партиясы көрсөткөн.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкер болууга арыз бергендердин саны 59 болчу, алардын экөө арызын кайра алды. (RK)