Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Жети-Өгүздө жеткинчекти зордуктоо аракети боюнча кылмыш иши козголду


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда он жаштагы баланы зордуктоо аракетин көргөн адамга кылмыш иши козголду.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 3-августта Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын 26 жаштагы тургуну он жаштагы балага ыплас жоруктарды жасап, зордуктоого аракеттенген деген маалымат түшкөн.

Иликтөө учурунда талаа иштерине көмөктөшүүгө келген айылдашы он жаштагы балага күч колдонуу менен адепсиз жорук жасаганы ачыкка чыккан.

Ата-энеси айылдашынын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Бирок милиция Кылмыш кодексинин 133-беренеси (жашы жете электерге карата бузуку аракет) боюнча иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлады. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG