Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Казакстандык журналист өлкөдөн чыгып кетти


Рамазан Есергепов
Рамазан Есергепов

Казакстандык укук коргоочу жана журналист Рамазан Есергепов 3-августта Францияга келгенин "Азаттыктын" казак кызматына ырастады.

Айтымы, ал 14-майда белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылгандыктан жана акыркы кездери айланасындагы абал курчуп жаткандыктан Казакстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал ошондой эле күч органдарынын акыркы аракеттеринен бийлик ага каршы кылмыш ишин козгошу мүмкүн деген жыйынтыкка келип, эркиндиги үчүн дагы чочулаганын билдирди.

Полиция Рамазан Есергеповду акыркы жолу 1-августта кармап, 29-июлда Алматыда саясий туткундарды коргоо боюнча уруксат берилбеген жүрүштү уюштурган деп айыптаган. Ага карата административдик укук бузуу боюнча протокол түзө баштаган. Бирок шейшембиде Есергепов өзүн жаман сезип баштаганда медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө кое берилген. Эртеси 2-августта журналистти Алматыдагы үйүнөн таппай калышкан.

«Алма-Ата Инфо» гезитинин башкы редактору Рамазан Есергепов 2009-жылы Тараз шаардык соту тарабынан мамлекеттик сырларды ачыктоого күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Анда Есергепов саясий негизде соттолгонун билдирип, айыптоолорду четке каккан. Анын ишин караган БУУ комитети журналисттин пайдасына чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG