Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:02

Балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиондугунун финалында күрөшөт


Акжол Махмудов жаштар арасында Азия чемпиондүгунда. 15-июнь, 2017-ж. Тайчунг. Кытай Тайбэйи.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов ушул күндөрү Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунун финалында күрөшөт.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн 5-августта грек-рим күрөшүнөн төрт салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандын намысын бул беттештерде үч балбан коргоду.
Турат Кыдырбек уулу (50 кг.) менен Нусупбек Топчубаев (60 кг.) алгачкы беттештеринде жеңилип, мелдештен четтешти.

74 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Акжол Махмудов норвегиялык, индиялык, ирандык жана түркиялык балбандарды жеңип финалдык таймашка жолдомо алды. Алтын байге үчүн америкалык балбан Камал Амеер Бей менен таймашат.

Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да башталат.

Акжол Махмудов өспүрүмдөр арасында (кадеттер) Азиянын эки жолку, дуйнөнүн бир жолку чемпиону. Жаштар арасында быйылкы Азия чемпиондугун жеңген.

1-августта башталган спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу эртең аяктайт. Буга чейин эркин күрөш боюнча беттештер жыйынтыкталган.
Эркектер арасында эркин күрөштөн Акбар Кенжебек уулу коло, кыздар арасында эркин күрөштөн Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова коло медал тагынды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG