Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Кыргызстандан ажылыкка аттангандарды 13 дарыгер коштоп барат


Ажылык амалдарын аткаруу үчүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 7-августта таңкы саат 5те жөнөйт. Муфтияттан кабарлашкандай, биринчи үч каттам Бишкек-Мадина багытында, андан кийин он эки каттам Ош-Мадина, Ош-Жидда багытында ишке ашырылат. Акыркы топ 20-августта учат.

Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга 4760 орун бөлүп берген. Саламаттыкты сактоо министрлиги зыяратка барчулар менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөнүн маалымдаган. Сапардын баасы 2760 доллар деп чечилген. Зыяратчылардын ар бирине жеке маалыматтары камтылган электрондук билерик тагылат. Аларды өкмөт бөлүп берген 13 дарыгер коштоп барат.

Зыяратчыларды Сауд Арабиянын “Флай Нас” компаниясынын учагы ташыйт. Ажылык амалдары Курман айт майрамын утурлай жасалат.

Кыргызстанга кайтуу жараяны 8-сентябрда башталып, 21-сентябрга чейин уланат.

Ажыга баруу мусулманчылыктагы беш негизги парздын бири. (SE)

XS
SM
MD
LG