Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:53

Өзбекстанда 73 согуш ардагери президенттин эсебинен ажылык сапарга жөнөдү


Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 73 ардагери президент Шавкат Мирзиёевдин эсебинен ажылык сапарга жөнөп жатат. Аларды коштоп барган туугандарына да мамлекет башчынын эсебинен каражат төлөнөт. Бул тууралуу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгына таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы маалымдады.

Мындай сунушту улгайган кишилер менен иштешкен "Нуроний" фонду демилгелеген. "Мурда ажылык зыяратка барууга мүмкүнчүлүгү болбогон ардагерлер президент бөлүп берген акчанын эсебинен Сауд Арабияга жөнөп жатышат" деп айтылат кабарда.

Мирзиёев быйыл 4-апрелде "Экинчи дүйнөлүк согуш ардагерлерин колдоо жөнүндө мыйзамга" кол койгон.

Быйыл Өзбекстандан 7000ден ашуун адам ажылыкка барат. Алардын сапары 7-августта башталат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG