Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Венесуэланын бийлиги Валенсиядагы төңкөрүш аракетин токтотушканын маалымдоодо


Бул тууралуу башкаруучу Социалисттик партиянын депутаты Диосдадо Кабельо интернетте аскер кийимчен адамдар президент Николас Мадурого каршы чыгууга чакырган видеотасма пайда болгондон кийин билдирди.

Мурдараак жекшембиге караган түнү Нагуанагуа шаарындагы аскер базада атышуулар болгону тууралуу маалыматтар тараган эле. Кийинчерээк депутат Кабельо аскер базасын ээлеп алуу аракети токтотулуп, кырдаал бийликтин көзөмөлүндө турганын билдирди.

Коргоо министрлиги бул окуя тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Венесуэладагы оппозиция, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдар жакында эле "Конституциялык ассамблеяга" болгон шайлоону Мадуронун бийлигин чыңдоо аракети катары сындашкан. Ассамблея көпчүлүгүн оппозиция түзгөн парламенттин ордун басары айтылууда.

Дүйнөдөгү мунай чыгуучу ири он өлкөнүн бири - Венесуэлада социалдык-экономикалык кризис уланууда. Тамак-аш, дары-дармек жетишсиз, баалар өсүп, жергиликтүү валютанын куну төмөндөөнүн үстүндө.

Акыркы төрт айдагы кагылышууларда 120 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG