Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:33

Байыркы Пальмиранын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Ал-Сухна шаары 2015-жылдан бери Дейр-эз-Зор шаарына барчу жолдогу "Ислам мамлекети" террорчул тобунун акыркы таянычы болуп турган.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүү борбору өкмөттүк күчтөр шаарды Орусия авиациясынын колдоосу менен 5-августта ээлегенин билдирди.

SANA мамлекеттик маалымат агенттиги Сириянын өкмөттүк армиясы шаарды үч тарабынан курчоого алганын кабарлады. Асаддын күчтөрү өлкө борбору Дамаскты Евфрат аймагындагы Дейр-эз-Зор жана башка шаарлардан бөлүп турган чөлдүү чоң аянтты кайтарып алуу үчүн Орусиянын колдоосу менен май айында ири согуштук өнөктүк баштаган. АКШ тараптан колдоого алынып жаткан Сириянын демократиялык оппозициясы болсо, өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган топтун борбору эсептелген Ракка шаарынын жарымынан көп аянтын көзөмөлдөп турат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG