Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Дааратканадан табылган ымыркай кыздын абалы жакшырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Дааратканадан табылган ымыркай кыздын абалы жакшырып калды, ал бөтөлкөгө куюп берген сүттү өз алдынча жутуп тамактана баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Кыз дале реанимацияда, бирок жасалма дем алдыруу аппаратынан чыгарылды.

31-июлда Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы короолордун биринде дааратканада ымыркай табылган. Энеси азырынча табыла элек. Окуяга байланыштуу кылмыш иш козголду.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 81 таштанды бала табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG