Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:29

Жээнбеков: Орус-кыргыз фондундай уюмду Кытай менен да түзгөнү жатабыз


Сооронбай Жээнбеков

Кыргызстан “Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду” сыяктуу бирикмени Кытай менен да түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ мамлекеттик телеканалдын кечки эфиринде билдирди. Ал узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыя алуу жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр үчүн орчундуу маселелердин бири болуп жатканын айтты:

- Өзүңөр билесиңер, президентибиз Алмаз Шаршенович Ташкентте өткөн ШКУ саммитинде Кытайдын жетекчилиги менен сүйлөштү. Кийин премьери Ли Кецян да келип кетти. Ал да макулдугун берди. Кытайдын “Улуу Жибек жолу” фондунда 40 миллиард доллары бар. Алар да келип кетишти. Азыр чакан жана орто бизнеске орус-кыргыз фондундай фонд түзүп, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздуу насыяларды берүү маселесин чечкенге аракет кылып жатабыз.

Алгач Беларус менен Орусиянын ортосундагы Бажы биримдиги катары түзүлгөн уюм кийин кеңейип, курамына Казакстан менен Армения кирген. 2015-жылы ага Кыргызстан да кошулган. Уюмга кирген алгачкы жылдардагы интеграция процессине деп Орусия Кыргызстанга 1 миллиард доллар убада кылган. Бул каражат “Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду” аркылуу жеңилдетилген насыя түрүндө берилип келатат. Бүгүнкү күнгө карата 246 миллион долларлык каражат дыйкан-фермер жана ишкерлерге бөлүнгөн. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG