Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Бишкекте жети жаңы көпүрө курулат


Бишкекте темир жолдун жана Чоң Чүй каналынын үстүнөн жети көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, көпүрөлөр Кытай мамлекети берген гранттын эсебинен курулат. Курулушка 66 млн доллардан ашык каражат керектелет.

Көпүрөлөр Медеров-Токтоналиев, Достоевский, Лев Толстой, Фрунзе, Токтогул, Түштүк магистрал көчөлөрүнүн жана Чоң Чүй каналынын үстүнөн курулат. Мэрия бул көпүрөлөр жол тыгынын азайтат деп ишендирүүдө. Бишкекте жалпысынан 40ка жакын көпүрө бар. (UEz)

XS
SM
MD
LG