Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Кадыр Маликовго кол салган дагы бир жаран 18 жылга соттолду


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Дин аалымы Кадыр Маликовго кол салды деп шектелгендердин бири Ырыскул Бейшеналиев 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Бейшеналиев Түркиядан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Сот аны “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөсү катары таанып, Маликовго кол салуу боюнча күнөөлүү деп тапкан. Буга чейин Маликовго кол салгандардын дагы бири Алибек Тилек уулу өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кадыр Маликовго 2015-жылдын 26-ноябрында Бишкекте кол салуу болгон . Кылмышкерлер анын бетине бычак шилтеген. Жабырлануучу кол салгандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун өкүлдөрү экенин жана өлтүрүүнү максат кылганын билдирген. Окуядан кийин кылмышка шектүүлөр Алибек Тилек уулу менен Рыскул Бейшеналиевди Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп бараткан мезгилде түрк полициясы кармаган.

Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. Ал жергиликтүү жана эл аралык диний-экстремисттик топторду, радикал, террорчул уюмдарды катуу сындап жүрөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG