Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Текебаев менен Чотоновдун соту эртең уланмай болду


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту эртең, бейшемби күнү уланмай болду. Тараптардын жарыш сөзү бүгүн башталмак, бирок алар даярдануу үчүн соттон кошумча убакыт сурашты.

8-августта соттолуучулардын сурак берүүсү аяктаган. Мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөздү дароо баштай берүүгө даяр экенин айтышкан, бирок жактоочулар кошумча убакыт сурап, натыйжада, бүгүнкүгө калган.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет.

“Ата Мекен” партиясынын беш өкүлү Бишкекте, дагы беш өкүлү Базар-Коргондо алардын бошотулушун талап кылып ачкачылык кармап жатышат. Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG