Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

ФБР Трамптын мурдагы өнөктөшүнүн үйүн тинтти


Пол Манафорт
Пол Манафорт

АКШ Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы жетекчиси Пол Манафорттун үйүн тинтүүгө алганы белгилүү болду. Бул Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөө ишинин алкагында жүргөн.

Тинтүү саясатчынын Виржиниядагы үйүндө 26-июлдун таңында болгонун иликтөө менен тааныш адамдарына таянып "Вашингтон Пост" гезити жазып чыкты. Муну Манафорттун өкүлү Жейсон Малони да ырастады.

Ал эми "Нью-Йорк Таймс" гезити ФБР ал үйдөн салык документтерин жана чет элдик банктарга тиешелүү документтерди алып кеткенин жазды.

Манафорт Орусия менен Трамптын кампаниясынын ыктымал байланышы боюнча иликтөөлөрдүн чордонунда болуп келет.

Ал 2016-жылдын август айында орус атайын кызматтары менен байланышы болгону жана Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин партиясына иштеген кездеги мыйзамсыз төлөмдөрү тууралуу маалыматтар тарагандан кийин Трамптын шайлоо кампаниясынан кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG