Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

УКМК: Теракт уюштурууну пландаган топ соттолду


Баткенде "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөсү деген үч адам соттолду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин "каракчылыкка даярдануу", "жалданмачылык", "ок атуучу курал-жаракты мыйзамсыз сактоо", "мамлекеттик чек араны бузуп өтүү", "жасалма документ колдонуу" жана "улут, раса, диний жана башка кастыкты козутуу" беренелери боюнча айыптуу деп табылды жана мүлкүн конфискациялоо жолу менен күчөтүлгөн режимдеги колонияга 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Бул адамдар Сирия жана Иракта аскердик даярдыктан өтүп, Кыргызстанда террордук актыларды уюштуруу максатында кайтып келген деп айыпталган.

Аларды кармоо учурунда “Калашников” автоматы, гранаталар, ар түркүн калибрдеги ок-дары, террордук жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана байланыш каражаттары табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG