Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Караколдо мечит курууга мораторий киргизүү сунушталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов билдирди. Анын айтмында, 8-августта болгон шаардык кеңештин сессиясында эл өкүлдөрү жаңы мечиттердин курулушуна мораторий киргизүүнү сунушташты.

- Бул маселенин көтөрүлүшү, жеке жерлерге мечиттер салынып кетип атыптыр. Ошого байланыштуу жана азыркы мечиттер шаар калкына жетиштүү эле деп мораторий киргизүү каралып атат. Азыркы учурда генералдык пландын концепциясы талкууланууда, аны бекитип алсак жашоочуларга канча бала бакча, мектеп анан ошол эле мечиттер керегин да карап чечип алабыз .

Төраганын айтымында, шаардык мэрия жана архитектура менен биргеликте иш алып барып, генералдык планды толук бекитүү аракети көрүлүүдө.

Азыркы учурда Каракол шаарында 10го жакын мечит бар.(AsM)

XS
SM
MD
LG