Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Шариф Пакистандын Жогорку Сотун сынга алды


Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф ок өтпөс айнектин артына туруп сүйлөдү.
Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф ок өтпөс айнектин артына туруп сүйлөдү.

Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф Жогорку Сотту аны кызматтан алганы үчүн сынга алды. Шариф мындай билдирүүнү 10-августта, өзү баштаган "Демократия кербени" деген акциясынын экинчи күнүндө жарыялады. Баш калаа Исламбаддан өзүнүн кичи мекени Лахорду көздөй жүрүшкө чыккан Шариф Желума шаарына түнөгөнү токтоду.

Байкоочулардын белгилешинче, бул иш-чара Шариф кызматтан четтетилгенине карабастан калк арасында аброю канчалык жогору экенин көрсөтүүгө багытталгандай.

Желума шаарында жасаган билдирүүсүндө Шариф Жогорку Соттун чечими элдин эркине каршы келерин айтты. Аталган шаардагы жолугушууга анын 10 миңден ашуун тарапташтары жыйналды.

- Мени бир мүнөттө кызматтан четтетишти. Бул мыйзамдуу шайланган өкмөт башчынын эмес, бул миллиондогон шайлоочулардын беделине шек келтирүү дегенди билдирет, - деди Шариф. Ал дили таза экенин жана бардык айыптоолорду четке кагарын кошумчалады.

Өткөн жылы Шарифтин балдарынын офшордогу компаниялары, алар аркылуу миллиондогон долларлар өтүп турары ачыкка чыккан. Буга байланыштуу иликтөө жүрүп, Жогорку Сот аны коррупцияга айыптап 28-июлда кызматынан кетирген.

XS
SM
MD
LG