Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Трамп: Пхеньян жаман окуяга кабылышы мүмкүн


АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Түндүк Корея менен болгон мамиледе ал сүйлөшүү демилгесин жактарын билдирди. Бул тууралуу ал 10-августта журналисттерге айтты. Трамп эгер Пхеньян АКШга кандайдыр бир залал келтирүүнү чечсе, жаман абалга кептелиши мүмкүндүгүн да кошумчалады. Ал ошондой эле эгер Түндүк Корея ушул калыбынан жазбаса, ал көргөлүктү көрөрүн дагы бир жолу эскертти.

8-августта Washington Post басылмасына жарыяланган макаладан соң Трамп эгер Түндүк Корея ачуусуна тийсе, Вашингтон көргүлүктү көрсөтөрүн айткан. Макалада америкалык аналитиктердин баяндамасына шилтеме жасалып, Пхеньян баллистикалык ракеталарга орнотула турган өтө кичинекей өзөктүк дүрмөт чыгарганы жазылган.

Трамптын эскертүүсүнө жооп катары Түндүк Корея Кошмо Штаттарга караштуу Гуам аралына ракеталык сокку уруу планын дыкат караштырып жатканын 9-августта билдирген. Тынч океандын батыш жээгинде жайгашкан бул аралда америкалык аскерий базалар жайгашкан.

XS
SM
MD
LG