Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Шайлоо-2017: Шайлоочулар 30-сентябрга чейин өздөрүн тизмеден такташы керек

Кыргызстандык шайлоочулар 16-августтан 30-сентябрга чейин өздөрүн тизмеден такташы керек. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты. Тизмеде жоктор 15-октябрдагы президенттик шайлоодо добуш бере албайт. Жарандар тизмени шайлоо участкаларынан же БШКнын интернет сайтынан (http://shailoo.gov.kg/kg/  жана http://shailoo.gov.kg/ru/) текшерсе болот. 

Мамлекеттик каттоо кызматы тактаган алдын ала тизмеде 2 миллион 914 миң 588 жаран бар. ​Бул тизме 15-августта шайлоо участкаларына илинет. 

Мыйзам боюнча тизмеге жашы 18ге толгон, шайлоо укугу чектелбеген жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар кире алат. 

 

 

XS
SM
MD
LG