Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Венесуэла өкмөтү Трамптын сөзүнө нааразы


Венесуэладагы наарызылыктардын бири. Май, 2017.
Венесуэладагы наарызылыктардын бири. Май, 2017.

Венесуэла өкмөтү АКШ президенти Дональд Трамптын өлкө дарегине айткан сөзүнө жооп даярдап жатат. Тышкы иштер министри Хорхе Арреса ишемби күнү чет элдик дипломаттар менен жолугушкан учурда Трамптын айткандары Венесуэланын эгемендигине шек келтирип, эл аралык укуктук эрежелерге каршы келээрин билдирди. Жыйынга АКШнын Каракастагы дипөкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Маккленни да катышты.

Президент Трамп 11-августта Вашингтон Венесуэлага аскерий басым өткөрүшү мүмкүндүгун эскерткен. Reuters агенттиги тараткан билдирүүдө айтылгандай, Венесуэлада зомбулук акыркы күндөрү күчөп кеткен. Төрт ай ичинде эле 120дан ашуун адам зордукчул аракеттердин курмандыгы болгон.

Президент Николас Мадуронун өкмөтү быйыл Конституциялык Ассамблея түзгөн. Ал орган азыркы парламентти тааныбайт. АКШ президенти Венесуэлада адамдар кыйынчылыктан көз жумуп жатканын айтып, Вашингтон Каракаска аскердик басым өткөрүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Пентагон өкүлү бул жаатта журналисттерге комментарий берип, Ак үйдөн Венесуэлага каршы эч кандай буйрук келбегенин билдирген.

XS
SM
MD
LG