Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

АКШда митингчилерди машине менен тебелеткен адам кармалды


АКШнын Шарлотсвилл шаарында 12-август күнкү кол салуудан 1 аял көз жумуп, 19 киши жараат алды. Демонстранттарды автоунаа менен тебелеп кеткен 20 жаштагы Алекс Филдс кармалып, кылмыш иши козголду.

Шаарда чукул кырдаал жарыяланып, коопсуздукту камсыздоо үчүн аскерлер тартылды.

Президент Дональд Трамп АКШда зомбулукка орун жоктугун айтып, америкалыктарды ынтымакта болууга чакырды.

Шаардык бийлик уруксат берген митингде ак расанын үстөмдүгүн жактоочулар менен каршылаштарынын ортосунда чатак чыккан.

Митинг 1861-1865-жылдардагы жарандык согуш учурунда конфедератор лидери болгон генерал Роберт Линин эстелигин демонтаж кылуу боюнча жергиликтүү бийликтин чечиминен кийин уюштурулган.

Бир күн мурун да ушул өңүттө башаламандык чыгып, бир канча адам жараат алып, бир киши кармалганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG