Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:19

Иран ракета чыгарууга жарым млрд доллар бөлдү


Иран парламентарийлеринин жыйыны, 13.08.2017

13-августта Ирандын парламенти өлкөнүн ракета чыгаруу программасын өнүктүрүү жана Ислам революциясынын сакчылары корпусун каржылоого кошумча 500 млн доллар берүүнү колдоду. Бул тууралуу межилистин төрагасы Али Ардаши Ларижани билдирди.

28-июлда АКШнын каржы департаменти алты ирандык компанияга каршы санкцияларды кеңейткен. Вашингтондун маалыматы боюнча бул компаниялар ракеталык программаны колдошот. Андан бир күн мурун Тегеран космоско спутник ташуучу ракетаны сынаган. “Симорг” үлгүсүндөгү ракета 250 кг салмакка чейинки спутникти космоско жеткире алат.

АКШ мындай сыноолорду кескин айыптап, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу деп баалаган.

XS
SM
MD
LG