Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:10

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын, райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн жана Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдирди. Маалыматка караганда, 2015-жылы жогорудагы кызматкерлер жер мыйзамын бузуу менен райондун Катта-Тегирмен каналынын жээгинде жайгашкан 7 сотых жер тилкесин жеке тараптарга жеке менчикке берип жиберишкен. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 304, 305-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG