Бүгүн алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагынан төрт талапкер - Марат Иманкулов, Өмүрбек Бөлтүрүков, Аскарбек Абышев, Советбек Абыкулов тапшырды.
Мамлекеттик тил комиссиясынан билдиришкендей, тесттин жыйынтыгында Иманкулов 86,15 балл, Бөлтүрүков 87,21 балл топтоо менен сынактан өтүп, сертификат алышты.
Ал эми Абышев 54,46, Абыкулов 43,53 балл алып, аларга канча балл топтогондугу көрсөтүлгөн маалымкат гана тапшырылды. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Кыргыз тилинен сынак тапшыруу президенттикке талапкерлерге коюлган негизги шарттардын бири. Кандидаттар 100 баллдык тесттен кеминде 60 упай алуусу шарт. Сынактан кулагандар шайлоого катыша албайт. (NT)