Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 06:15

Текебаевдин соту жарым сааттык кайым айтышуудан кийин кайра уланды


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту жарым сааттык кайым айтышуудан кийин кайра уланды.

Кан басымы көтөрүлүп, "Тез жардам" чакыртылган Текебаев чарчаганын айтып дары ичүү үчүн аны тергөө абагына кое берүүнү өтүндү.

Адвокаттар жумуш маалы аяктагандыктан сот отурумун эртең улантууну суранышты.

Бирок судья Айбек Эрнис уулу бул өтүнүчтөрдү канааттандыруудан баш тартты. Буга чейин ал сот түнкү 10го дейре уланарын айткан.

Соттолуучулардын жана алардын жактоочуларынын өтүнүчтөрү канааттандырылбаганына нааразылык билдирген экс-президент Роза Отунбаевадан судья сот залынан чыгып кетүүнү талап кылды.

Ал эми сөз сураган акыйкатчы Кубат Отурбаевге сөз берүүдөн баш тартты.

Судья Айбек Эрнис уулу соттук териштирүү мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтууда. (UEz/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG