Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Украинада мурдагы президент Виктор Януковичтин соту жанданды


Сот жараянга Виктор Януковичтин өзүнүн адвокаттары катышкан учур. Киев, 26-июнь, 2017-жыл.
Сот жараянга Виктор Януковичтин өзүнүн адвокаттары катышкан учур. Киев, 26-июнь, 2017-жыл.

Янукович мамлекеттик чыккынчылык үчүн сырттан айыпталып, соттолуп жатат.

Украин соту азыр Орусияда жашаган мурдагы президентти жараянга видео байланыш аркылууу катыштырууга аракеттенген эле.

Бирок Янукович өзү 6-июлда кылмыш иштин саясий жүйөсү бар деп ырастоо менен сотко катышпай турганын жарыялап, адвокаттарын да чакырытып алган.

Мына ушундан кийин сот жараянды Януковичтин катышуусуз эле улантууну, ал үчүн мамлекет дайындаган адвокат бөлүүнү чечкен.

Прокурорлор мурдагы президенти чыккынчылык, Украинанын аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин бузганы, Орусиянын агрессиясына мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн айыптап, ал өмүр бою түрмөгө кесилүүсүн көздөшүүдө.

Соттун бүгүнкү олтурумунда Украинанын БУУдагы мурдагы элчиси Юрий Сергеев көрсөтмө берди.

Янукович анын Евробиримдик менен ассоциация келишиминен баш тартуу чечиминен кийин тутанган нааразылыктардан улам кызматтан 2014-жылдын февралында баш тартып, Орусияны карай качып кеткен. Ошол кездеги украин бийлигинин Евромайдан деп аталган нааразылык акцияларын басуу аракети учурунда ондогон кишинин өмүрү кыйылган.

Януковичтин Орусияга качышы артынан Крым жарым аралы анексияланып, Украина чыгышында Киевдеги жаңы бийликке каршы оппозиция жаралган. 2014-жылдын жазынан бери Украина чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилердин куралдуу кагылыштарынан 10 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG