Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Испанияда полиция дагы теракт жасоону пландагандарды жок кылды


17-августта теракт жасалган көчө
17-августта теракт жасалган көчө

Испанияда полиция дагы бир террордук чабуулду алдын алды. Камбрилс шаарында теракт жасоону пландап жаткан деген шек менен полиция төрт адамды атып өлтүрдү.

Кечээ кечинде Барселона шаарындагы автоунаа чабуулунан кеминде 13 адам мерт болуп, 80гө чукулу жараат алды. Полиция бул окуяны террордук акт деп атап жатат. Окуяга күбө болгон турист кыз баарынын үрөйү учуп, башаламан пайда болгону айтып берди:

- Бир убакта баары эле чуркай башташты. Балдары менен жүргөндөр аларды колуна кучактап, ыйлап, ошол жерден качып кетүүгө аракет жасап чуркап баратканын көрдүк.

Окуя бейшембиде Барселонанын борбордук бөлүгүндөгү туристтер көп топтолгон Рамбла көчөсүндө болгон. Катуу ылдамдыктагы фургон жол четиндеги жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кеткен.

Аймакты коопсуздук күчтөрү курчап турат.

Немис канцлери Ангела Меркел, АКШ президенти Дональд Трамп, британ премьер-министри Тереза Мэй баштаган дүйнөлүк лидерлер бул чабуулду кескин айыптаган билдирүүлөрдү таратышты.

XS
SM
MD
LG