Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:14

Орусия жана Кытай АКШга Түндүк Корея менен аскердик жаңжалга барбоо зарылдыгын эскертти


Түндүк Корея лидери аскердик  жыйында. 14.8.2017.
Түндүк Корея лидери аскердик жыйында. 14.8.2017.

Москва менен Бээжиндин ар биринин өз алдынча билдирүүлөрү АКШнын аскер башчылары "Түндүк Кореянын өзөктүк программасын жоюу боюнча сүйлөшүүлөр оңунан чыкпай калса" деп аскерий “кошумча варианттарды” караштырып жатканын айткан учурга дал келди.

Маселен, АКШнын коргоо министри Жим Мэттис 17-августта Вашингтондо жапон өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин: “Түндүк Корея кастыкка демилгечи болсо, анда мунун аскердик кесепеттери олуттуу болот”, - деп билдирген.

Мэттистин алдында өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп эгер Түндүк Корея анын өлкөсүнө коркунуч жаратса, анда “көргүлүктү көрөт” деп эскерткен болчу.

Мунун артынан расмий Пхеньян АКШнын Тынч океандагы Гуам аралдарына чейин ракета атууну караштырып жатканын айткан эле. Мындай мүнөздөгү кайым айтышуулар Москва менен Бээжиндин камтамачылыгын жаратты.

“Корей жарым аралындагы проблеманы күч менен чечүү массалык трагедияга жана адам өмүрүнүн эбегейсиз кыйылышына алып барат”, -  деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин 17-августтагы билдирүүсүндө.

Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы тирешти жөнгө салуунун эң натыйжалуу жолу - сүйлөшүү экенин Кытайдын коргоо министрлиги да билдирди.

21-августта АКШ менен Түштүк Кореянын миңдеген жоокерлери катышуучу жылдык аскердик машыгуулар башталганы турат.

Түндүк Корея машыгууларды ага каршы кол салууга даярдык катары санайт. Кытай АКШны Түндүк Корея өзөктүк сыноолорун токтотуусу үчүн аскердик машыгуудан баш тартууга үндөдү.

Бирок АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Йозеф Данфорд 17-августта машыгуудан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Өзөктүк сыноолорун токтотпой турганын 17-августа Түндүк Корея да ырастады.  (UE)

 

XS
SM
MD
LG