Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Курман айт 1-сентябрда белгиленет


Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы 1-сентябрда белгиленет. Буга байланыштуу бул күн эс алуу күнү деп жарыяланганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Курман айтты муфтият аныктаган, мекемеге кат жолдогон.

Тийиштүү чечим Эмгек кодексинин эрежелерине шайкеш кабыл алынган.

Курман айт – мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (NT)

XS
SM
MD
LG