Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Сургутта белгисиз адам элге бычак шилтеди


Сургуттагы полиция операциясы. Архивден.
Сургуттагы полиция операциясы. Архивден.

Ал кеминде сегиз кишини жарадар кылууга жетишкен. Ханты-Мансия автоном аймагынын тергөө башкармалыгы "кылмышкер полициячылар тарабынан өлтүрүлгөнүн" маалымдады. Азырынча элге бычак шилтеген адам тууралуу так маалымат жок. Жергиликтүү милиция бул боюнча кылмыш ишин козгоду. Сургут полициясы окуя теракт болбошу ыктымалдыгын айтууда.

Интернетте бычак менен адамдарга кол салгандар эки киши болгону, аларда ок атуучу курал болуусу ыктымалдыгы тууралуу маадыматтар тарады. Ошондой эле жараат алгандардын бирөө набыт болгону да айтылууда. Полиция киши өлүмү тууралуу маалыматты ырастаган жок.

XS
SM
MD
LG