Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:59

Роухани: Өзөктүк келишимди коргоо башкы приоритет


Иран парламентинин олтуруму. 20-август, 2017-жыл.
Иран парламентинин олтуруму. 20-август, 2017-жыл.

Президент Хасан Роухани бул тууралуу жекшембиде, Ирандын парламентинде өкмөттүн жаңы курамын бекитүү учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылкы өзөктүк келишимди коргоо - жаңы өкмөттүн тышкы саясий приоритеттеринин негизгиси болот.

Ирандын мыйзамгерлери бекиткен 16 министрдин арасында АКШ баштаган дүйнө державалары менен ошол өзөктүк келишимди сүйлөшкөн тышкы иштер министри Мухамммад Жавад Зариф дагы бар.

Президент Роухани парламенттеги сөзүндө “биздин тышкы иштер министрдин башкы милдети - өзөктүк келишимди сактап, америкалыктар, Ирандын душмандары ийгиликке жетишине жол бербөө”,- деп да белгиледи.

Иран 2015-жылы дүйнөнүн ири алты державасы менен түзгөн келишим боюнча ал өзөктүк ишмердигин кыскартып, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Тегеран келишимдин шарттарын сактап жатат деген тыянакка келгени менен, АКШ лидерлери Иранды өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарын кайра-кайра сыноо менен келишимдин “маңызын бузуп жатканы” үчүн айыптап келишет.

Ушул айдын башында эле президент Трамп Иран өзөктүк келишимдин “маңызын” сактабай жатканын кайрадан эскертип, документтин өзүн “жаман макулдашуу” деп сыпаттаган болчу.

Ал эми апта башында Мамдепартаменттин өкүлү Хизер Нойерт Вашингтон Иранга карата саясатын кайра кароо үстүндө экенин айтып, өзөктүк келишим Тегерандын аймакты “дестабилдештирүү ишмердигин” токтотпогонун билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG