Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Кыргызстанды көк-бөрү таймашынан четтетүү маселеси каралууда


Казакстандын борбору Астана шаарында башталган көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпионатынан Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасын четтетүү маселесин ушул тапта мелдештин башкы калыстарынын коллегиясы карап жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Таймаштар бүгүн "Казанат" ат майданында башталды. Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында 1-турда Кыргызстан Монголия менен беттешмек. Оюнга чыгар алдында кыргызстандык оюнчуларга аттардын арткы туяктарындагы такаларды алуу талабы коюлган. Талапка баш ийбегендиктен кыргыз көк бөрүчүлөргө 0:7 эсебинде техникалык утулуш жазылган.

"Уюштуруу комитетинин чечими менен биздин команда аттардын арткы туяктарындагы такалар бар болгондуктан оюнга чыгарылган эмес. Ошол себептен Кыргызстандын командасы башкы калыстын наамына нааразылык кат жолдоду. Ошондой эле кыргыз тараптын демилгеси менен мелдештен четтетүү сунушу да айтылды. Учурда бул маселени чемпионаттын уюштуруучулары карап жатат" деп жазылган кыргыз тараптын билдирүүсүндө.

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу 28-августка чейин уланат. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношот.

Кыргызстан "А" тайпасында Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан жана Монголия менен мөөрөй талашат.

Кыргыз тараптын көк бөрү ышкыбоздорунун интернеттеги социалдык түйүндөрдө жазганына караганда, эгер алар Монголия менен оюндагы техникалык утулушка макул болсо, экинчи турда така менен ойноого уруксат берилиши мүмкүн. Бирок ага кыргыз тарап каршы болгону айтылууда.

Кыргыз тарап техникалык утулушту жоюп, монголиялыктар менен кайрадан оюн өткөрүүнү талап кылган. Эгер бир утулуш эсебине жазылса, алар финалга чыкпай калышы ыктымал. (ECh)

XS
SM
MD
LG