Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:59

Lidove Noviny: Чехия ТИМи Кыргызстан менен келишим боюнча атайын кызматка кайрылды


Lidove Noviny басылмасындагы макала. 21-август, 2017-жыл

Прагада чыгуучу Lidove Noviny басылмасы бул тууралуу 21-августтагы санында жазып чыкты.

Бул абройлуу басылма өзүнүн анонимдүү булактарынан алган маалыматка караганда, Чехиянын тышкы иштер министри Любомир Заоралек (Lubomir Zaoralek) Liglass Trading фирмасынын Кыргызстан менен ГЭС куруу боюнча түзгөн келишимин иликтөөнү өтүнүп, өлкөнүн атайын кызматтарынын бири - Коопсуздук боюнча маалымат кызматына (BIS - Bezpečnostní informační služba) кайрылды.

Lidove Noviny басылмасы кошумчалагандай, министрдин Кыргызстан менен келишимди иликтөө үчүн атайын кызматка кайрылганы боюнча кабарды комментарийлөөдөн Тышкы иштер министрлигинин да, Коопсуздук боюнча маалымат кызматтын да расмий өкүлдөрү баш тарткан.

Басылма 21-августтагы макаласында Liglass Trading фирмасы Кыргызстан менен ГЭС куруу боюнча келишимдерди кандайча түзүп калганына, долбоордун чоо-жайына кеңири токтолгон.

Liglass Trading фирмасы менен кыргыз өкмөтү ортосундагы Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча келишимге Бишкекте 10-июлда кол коюлган.

Ага ылайык, чех фирмасы ГЭС курулушун толук каржылоого, ошондой эле Кыргызстандын орусиялык мурдагы инвестор алдындагы 37 миллион доллар карызын кыргыз тарап келишим боюнча өзүнүн ички процедураларын бүтүргөндөн 30 банктык күн ичинде төлөп берүүгө макул болгон.

Бишкекте келишимге кол коюлгандан кийин эле анча белгисиз фирманын Кыргызстанга миллиондогон доллар инвестиция салуу жөндөмү боюнча күмөн саноолор Чехиянын медиасы, айрым расмий өкүлдөрү тарабынан да айтылган эле.

Liglass Trading фирмасынын ээси Михаэл Смелик “Азаттык” радиосу менен маегинде мындай күмөн саноолорду четке каккан.

Lidove Noviny басылмасындагы макала.
Lidove Noviny басылмасындагы макала.

Ошондой эле Lidove Noviny басылмасында президенттик администрациянын башчысы Сапар Исаковдун сүрөтү менен “Kyrgyzsky Mynar hraje o trun” (“Кыргыз Минары тактыны каалайт”) деген аталыштагы макала да жарыяланды.

Чех гезити Минар деп өлкө президент Милош Земандын аппарат башчысы Вратислав Минарды (Vratislav Mynar) айтып жатат.

Lidove Noviny макаласында белгилегендей, Кыргызстан ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгон Liglass Trading фирмасын кыргыз президентинин аппаратына чех президентинин аппарат башчысы Вратислав Минар сунуштаган.

Чех гезити ошондой эле Сапар Исаков азыр Кыргызстандын премьер-министри кызматына барууну күтүп жатканын эске салат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG