Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Көкбөрү: Кыргызстан менен Өзбекстан командалары беттешет


Казакстандын борбору Астана шаарында көкбөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын оюнчулары беттешет. Оюн түшкү саат 12де башталат.

21-августта "Казанат" ат майданында башталган мелдеште Кыргызстан Монголия менен беттешип, 4:0 эсебинде жыйынтыкталган.

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу 28-августка чейин уланат. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношот. (ECh/КЕ)

XS
SM
MD
LG