Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Кара-Көл шаарында чет жактагы жердештердин жолугушуусу өтүүдө


Кара-Көл шаарында чет элдеги жердештердин жолугушуусу
Кара-Көл шаарында чет элдеги жердештердин жолугушуусу

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында союз учурунда ГЭС курууда эмгектенип ушул аймакта жашаган жана төрөлгөн чет өлкөлүк жарандардын жолугушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

18-22-август күндөрү өтүп жаткан иш-чарага Орусия, Армения, Германия, Өзбекстан жана Беларустан 100дөн ашуун делегат келген. Жердештер жыйындарынын ачылышына облус башчысы жана Орусия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу катышты. Шаар башчысы Ильяз Еркеев алгачкы ирет өтүп жаткан иш-чара эл аралык маселелерди чыңдоо жана 47 улуттан турган Кара-Көл шаарында мурда жашап-иштеп кеткен жердештер ортосундагы байланышты жакшыртуу максатында уюштурулуп жатканын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар кыдыруу, сый-тамак жана маданий иш- чаралар уюштурулган. 1960-жылдары Токтогул ГЭСи курулганда Кара-Көл шаары негизделип, ага союздун көпчүлүк куруучулары тартылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG