Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:47

Ырчы Абдымалик Шерматов камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, быйыл 22-майда милицияга Шерматов эки жылдан бери бир жарандын акчасын бербей жүрөт деген арыз түшкөн.

- Арызда 2015-жылдан бери ал концерт уюштуруп, андан түшкөн акчадан кайтарып берем деп алган акчасын ошол бойдон бербей жүрөт деп жазылган.

Факт боюнча Кылмыш кодексинин "алдамчылык" деген беренесинин негизинде кылмыш иш козголду. Кылмышка шектүү 15-августта кармалды. Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен ал 2-сентябрга чейин тергөө абагына камалды.

Карыздын жалпы суммасы 600 миң сомдун тегерегинде экени айтылууда.(RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG