Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:24

Орусия Түндүк Корея боюнча АКШ санкциясына жооп кайтарат


Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков
Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков

Орусия АКШнын Түндүк Корея боюнча орусиялык компанияларга жарыялаган экономикалык санкцияларына жооп кайтарарын билдирди. Американын Каржы министрлиги 22-августта Түндүк Кореянын ракеталык жана өзөктүк программасына көмөк көрсөттү деген жүйө менен 16 компанияга жана жеке адамдарга санкция киргизген.

Тизмеде алты кытайлык, бир орусиялык ишкана жана төрт орус жараны бар. АКШ тарап бул чара Пхеньянды обочодо калтырууну көздөйт деп белгиледи.

Санкциялардан көп өтпөй орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва жооп чараларды караштырып жатканын, АКШнын орус тарап менен алаканы жакшыртуу ниети ишеним жаратпаганын айтты.

Соңку санкцияларга ылайык, кара тизмедеги компаниялар жана адамдардын АКШдагы эсептери жабылат. Ошондой америкалыктарга алар менен кызматташууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG