Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Гилмендде жанкечти чабуулунан беш киши мерт болду


Гилменддин жардыруу болгон району
Гилменддин жардыруу болгон району

Ооганстандын түштүгүндөгү тынчыбаган Гилменд провинциясында жанкечти жардыруусунан беш киши мерт болуп, кеминде 38 адам жараат алды. Провинция жетекчилигинин басма сөз өкүлү Омар Жвак билдиргендей, 23-августта бир жанкечти жарылуучу заттарга шыкалган автоунааны Лашкаргах шаарындагы полиция кеңсесинин жанында жардырып жиберген.

Чабуулдан айлык алуу үчүн чогулган полиция кызматкерлери жана аскерлер жабыркаган. Мерт болгондордун арасында балдар, аялдар да бар экени кабарланууда. Телеканалдардагы кадрлардан "Хамви" деп аталган бир нече аскердик автоунаага зыян келгенин көрүүгө болот.

Бул кол салууга талиптер жоопкерчилик алышты. Эки күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстандагы талиптер баштаган жоочулардын мизин кайтаруу багытындагы жаңы стратегиясын жарыялаган. Талип өкүлдөрү бул планды сынга алып, АКШдан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG