Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:55

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Пакистан талиптер жана башка экстремисттик топторго каршы күрөшпөсө, Вашингтондун НАТОдон тышкаркы эң ири өнөктөшү деген макамынан кол жууп калышы ыктымал деп эскертти. Ал 22-августта Мамлекеттик департаменттеги кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Пакистан менен АКШнын мамилелери тарыхтан бери жакшы болуп келгенин, бирок акыркы бир нече жылда ортодо ишенбөөчүлүк пайда болгонун айтты:

“Ишенимге доо кетти. Себеби террордук уюмдардын Пакистанда башпаанек таап жатышына күбө болуудабыз. Пакистан башкача позицияны кабыл алышы керек”,-деди Тиллерсон.

21-августта АКШ президенти Доналд Трамп да Ооганстан жана Түштүк Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялап жатып, Исламабадды экстремисттик топторго баш калка берип жатат деп айыптаган. Пакистан мындай айыптарды четке кагып келет.

Пакистандан башка дагы 15 мамлекетке “НАТОдон тышкаркы негизги өнөктөш” деген макам берилген. Мындай статус аскерий чөйрөдө тыгыз кызматташтыкка шарт түзөт.

XS
SM
MD
LG