Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:32

Жибек Жолуна кирген өлкөлөрдүн эл аралык көргөзмөсү өтөт

Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн Бишкекте Дене тарбия институтунун манежинде Улуу Жибек жолуна кирген мамлекеттердин товарларынын III эл аралык көргөзмөсү болот.

Кыргызстан-Кытай өнөктөштөрүнүн алака-катышын өнүктүрүү максатында уюштурулуп жаткан көргөзмөгө жеңил өнөр жай, бут кийим, баш кийим, сувенирдик жасалгалар, медициналык каражаттар, эмерек, айыл чарба шаймандары менен энергия булагын өндүрүүдөгү жогорку технологиядагы жабдуулар коюлмакчы. 

Иш-чараны Кыргызстандын Экономика министрлиги, Соода-өнөр жай палатасы уюштурган.

Көргөзмө "Ысык-Көл 2017" деп аталган экономикалык форумдун алкагында өтөт. Төртүнчү экономикалык форум 22-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн. (КЕ)
 

XS
SM
MD
LG