Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Министр Батыралиев Ош базарындагы медборборлорду кыдырды


Жеке медициналык борбордун тиш протездөө бөлүмүндөгү абал. Бишкек. 23-август, 2017-жыл.
Жеке медициналык борбордун тиш протездөө бөлүмүндөгү абал. Бишкек. 23-август, 2017-жыл.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Бишкектеги 23-августта Ош базарынын аймагында жайгашкан жеке медициналык борборлорду кыдырып, иши менен таанышты. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, алардын айрымдары эч кандай лицензиясы жок, санитардык талаптарга жооп бербеген шартта иштеп жатышканы анык болду.

Министр Батыралиевдин "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, көпчүлүк жеке медициналык жайларга лицензия башка бирөөнүн атына жазылып берилген, ал эми аны иштеткен дарыгерлер башка адамдар болуп чыккан:

- Саламаттыкты сактоо мекемеси мамлекеттиктен айырмасы болбошу керек. Шарты да, эрежеси да, кадрлык курамы, иши боюнча да. Менден текшерүүгө укугуң барбы деп сурап жатышты, анткени ишкерликти колдоо боюнча, текшерүүгө укугум жок экен. Бирок, бизге адамдардын саламаттыгы зарыл. Сөзсүз бир инцидент болгондон кийин эмес, аны алдын алууга аракет кылуу керек. Адамдарды дарылайм деп жоопкерчилик менен лицензия алган соң, ошого түздөн-түз кам көрүү керек да. Бул базарда семичке саткандай иш эмес. Биздин жүргөнүбүздү угуп, көпчүлүгү жаап качып кетишти же ичинен жаап алышты. Эмне үчүн экени белгилүү да.

Жеке медициналык борборлорду ачууга уруксат кагазды Саламаттыкты сактоо министрлиги берет. Бирок талап кылынган стандарттарга ылайыксыз, антисанитардык шарттарда иштеп жаткан борборлордун лицензиясын кайра чакыртып ала албайт. Бул маселе сот аркылуу чечилет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG