Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:54

Балдардын бири он үч, экинчиси он беш жашта болгон. Алар Кош-Көлдөгү пансионаттардын биринде сууга түшүп жатып, чөгүп кетишкен.

Куткаруучулар өспүрүмдөрдүн сөөгүн таап, ата-энелерине өткөрүп беришкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Быйыл жыл башынан бери 130дан ашуун адам сууга чөгүп каза болду. Анын отуздан ашууну балдар. Аймактардан сууга чөккөндөр эң көп Чүй облусунда катталган. Соңку үч жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин өстү. Акыркы алты жылда мындай кырсыктан жалпы 500дөн ашык адам мерт болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG