Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:27

"Кыргызстан парламенти бүгүнкү добуш берүүсүндө биринчи кезекте логикага багынып иш кылгандай" деген пикирин билдирди бүгүн “Азаттык” радиосуна курган маегинде саясат таануучу Чынара Эсенгул:

- Реформалар системдүү жүрбөй, бир убакта башталып, бирок ишке ашырылбаса “күтүү режиминде” эле жүрө беребиз өнүкпөй. Мүмкүн парламентте отурган лидерлер жаңы өкмөттүн “амбициялык" деп атап жатышкан программасын жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берип көрөлү, болбой калса өзүлөрүнөн көрүшсүн” деген позицияда болушкандыр. Бул оппозициянын бар же жогунда эмес. Реформа болуш керек деп айтышат, бирок жолун сунуштагандар аз болууда деген логика боюнча добуш беришкендир деп ойлойм.

Бүгүн Жогорку Кеңеш президенттик аппаратты жетектеп келген Сапар Исаковду премьерлик кызматка жактырды.

Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп кетип жатканына байланыштуу анын өкмөтү отставкага жөнөтүлгөн.

102 депутаттын 97си Исаковго жана анын командасына макул деген добушун берди, 5 каршы болду. Оппозициядагы үч фракциянын экөө: “Республика Ата-Журт” менен “Өнүгүү-Прогресс” дээрлик толук курамы менен КСДПнын сунушун колдоп чыкты.

Соңку күндөрү Исаков парламентте колдоо таппай калышы ыктымал, парламенттеги оппозиция ага каршы добуш берет деген жоромолдор айтылып келген болчу. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG