Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Ирак армиясы Тал-Афардын 70 пайызын ээледи


Тал-Афар, 23-август, 2017-жыл.
Тал-Афар, 23-август, 2017-жыл.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ басып алган Тал-Афар шаарына кирген Ирак армиясы анын аймагынын 70 пайызын ээледи. Reuters агенттиги 26-августта өкмөттүк күчтөр Тал-Афардын борбордук бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганын кабарлады. Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим ал-Жаафари Багдадда Франция тышкы иштер министри жана коргоо министри менен чогуу өткөн басма сөз жыйында да муну ырастады.

Өкмөттүк күчтөр Ирактын желегин шаардын борборуна илгенин Ирактын бириккен ыкчам командачылыгы билдирди.

Тал-Афарга чабуул 20-августта башталган. Шаар Сириядан Мосулга бараткан жолдо жайгашкан жана андан жихадчы түзүлүштөрдүн таасирдүү командирлери чыкканы белгилүү.

2003-жылы Иракка америкалык аскерлер киргенден кийин Тал-Афарда суннийлер менен шииттердин ортосунда бир нече жолу диний карама-каршылык чыккан.

XS
SM
MD
LG